Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 9,2 млн сомго курулган унаа базар. Казынага көбүрөөк акча түшүрүүнүн жолун табышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базарга электрондук шлагбаум орнотулду. 1500 унаага ылайыкталган базардын расмий ачылышы болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мэр Эрнисбек Ормоковдун айтымында, электрондук шлагбаум орнотуу менен адамдык факторду азайтып, казынага көбүрөөк акча каражатын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Унаа базар колдонууга берилген бир жыл аралыгында жергиликтүү бюджетке 7,5 млн сом түшкөн.

«Өткөн жылдын 25-мартында калаадагы муниципалдык унаа базарды колдонууга бергенбиз. Бирок анын курулушу толук аягына чыга элек болчу. Андан бери бул жайга атайын бастырма курдуруп, айланасын жашылдандырып, жакынкы күндөрү эле электрондук шлагбаум орноттук. Анын жардамы менен казынага көбүрөк акча каражаты түшөт деген ишеничтебиз. Мында кардар келип, шлагбаумдан жетон алат. Ал эми чыгып баратканда жетонду кайра шлагбаумга киргизип, кассага төлөм жүргүзүп, дүмүрчөк менен чыгып кетет. Бул да болсо адамдык факторду азайтат. Мындагы төлөмдөр жеңил унаага 100 сом, оор жүк ташуучу унаага 150, ал эми бастырмада турган унаанын ээлери 400 сом акы төлөшөт. Унаа базар иштеп жаткан убакыттан бери казынага 7,5 млн сом акча каражатын түшүрдү. Биздин эсеп боюнча базар 1,5 жылда өзүн толугу менен актап бүтөт», — деди Э.Ормоков.

Калаанын Спутник кичи шаарчасындагы муниципалдык унаа базардын жалпы аянты 3 гектар 20 сотыхты түзөт. Анын курулушу үчүн шаар казынасынан 9 млн 233 миң сом жумшалган.

Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы унаа базар шаардын Курманбек жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, бейшемби күнү көчөлөрдө унаа тыгыны пайда болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE