Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 1 жылда багар-көрөрү жок 10 адам мамлекеттин эсебинен акыркы сапарга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 2023-жылы багар-көрөрү жок 10 адам мамлекеттин эсебинен акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы 12 жаранга расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пул төлөнүп берилген.

«Биздин мекемеде жалгыз бой жашап, багар-көрөрү жок жарандар каттоодо туруп, алардын абалынан социалдык кызматкерлер кабар алып турат. 2023-жылы биздин көзөмөлдө турган 10 киши каза болуп, алар мамлекеттин эсебинен акыркы сапарга узатылды. Андан сырткары республикалык бюджеттен былтыр 12 адамга 75 миң 486 сом расымдык жөлөк пул төлөнүп берилген. Алардын ичинен мекеме-ишканаларда иштеп каза болгондор 9 адам, аларга 64 миң 701 сом чегерилен. Ал эми жер үлүш документин тапшырган 2 адамга 7190 сом, үй-бүлө мүчөсүнүн багуучусу каза болгон 1 жаранга 3595 сом төлөнүп берилди.

Ал эми жергиликтүү бюджеттен 2023-жыл ичинде 37 адамга 100 660 сом чегерилген. Социалдык жөлөк пул алган 22 адамга 79 090 сом (ар бири 3595 сомдон), убактылуу иштебеген 15 жаранга 21570 (ар бирине 1438) сом чегерилди», — деди Жакыпова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE