Пример HTML-страницы

Жакшылыктарда кызмат кылган нарындык Ш.Аманкулов куданын окуясын унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын тургуну Шабдан Аманкулов мектепте музыкадан сабак берип, жакшылыктарда да кызмат кылып келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Шабдан Аманкулов 1991-жылы төрөлгөн. Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектебин окуп бүткөн.

«11 жаш курагыман баштап мектептен сырткары Нарын шаардык Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде комуз үйрөнө баштадым. Андан соң 2007-жылы борборубуз Бишкек шаарындагы Муратаалы Курөңкеев атындагы музыкалык атайын орто окуу жайына тапшырып, 2011-жылы аяктадым. Дароо эле ошол жылы Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2015-жылы ийгиликтүү аяктадым. Эки окуу жайда мугалим, дирижер, оркестр музыканты, социалдык-маданий тармактагы мекемелерде башкаруучулук жана чыгармачылык иштерди жүзөгө ашырууга искусство жана маданият жаатындагы адис, атайын уюшулган оркестрдин жетекчиси квалификацияларына ээ болдум. 2011-жылдан баштап Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде мугалим болуп эмгектенип келем», деди ал.

Анын айтымында, учурда өнөр адамдарына көңүл бурулуп жатат.

«Азыркы учурда мамлекетибиз тарабынан дагы маданият тармагына өзгөчө көңүл бурула баштады. Каада-салты, тили, маданияты жок эл болбойт. Андыктан эң биринчи кезекте элибиздин руханий байлыгын байытып, тарыхын жоготпой сактап, изилдей берсек, улуттун кызыкчылыгы үчүн зор салым болот. Мына ушул өзгөчө мааниге ээ болгон маданият тармагында эмгектенип келген өнөр адамдарын эл түшүнүп, баалай баштады. Бир кезде совет доору чачырап, өлкөбүз эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары өнөр адамдарына таптакыр эле көңүл бурулбай калган эле. Айлык акы абдан төмөн, экономика алсырап турган мезгилде өнөр адамдары талыкпай иштеп келишти. Ошол катаал мезгилде жалпы жонунан алганда эмне деген шедеврлар жаралды. Негизи эки жумушта иштейм. Биринчиси мектепте мугалим болсо, экинчиси жакшылык тойлордо музыкант катары кызмат кылам», — деди ал.

Шабдан Аманкулов эсте калган окуялар тууралуу да айтып берди.

«Мектепте иштеп жүргөн кезимде таасирдүү окуялар көп эле болду. Бир жолу окуучунун комузунун кулагын алмаштырып жатып, комузунун башын сындырып алып, араң чаптаганым эсимде. Ата-энесинен абдан уялгам. Негизинен балдар менен иштеген абдан жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу жумуш. Алардын келечегине, турмушка болгон кадамына мугалиминин берген тарбиясы себептүү болот. Мугалим окуучуга аспапты үйрөтүүдө жеке эле сабак өтүү менен чектелбестен, баскан-турганынан бери өзү окуучуга үлгү болушу керек. Сүйлөгөн сөзүнүн орду, берген убадасы, убакытка тактыгы жана өзүн коомчулукта алып жүргөнү менен үлгү болушу керек деп ойлойм.

Экинчи жумушумдан дагы эсте каларлык окуялар болуп турат. Бир жолу куда тосуу тойго буюртма алдым. Барып конокторго ырдап баштасам эле арасынан негизги кан кудасы «ырдаба» деп токтотуп койду. Ал ата-эне, эл-жер тууралуу ырларды аткарууну суранып, «сүйүү тууралуу ырлардан ырдаба» деди. Айла жок эне тууралуу ырды 5-6 ирет кайталап ырдаганым эсимде. Ошол окуядан кийин репертуарды кеңейтүүгө туура келди. Кээ бир тойлорго барсак, айрым адамдар такыр токтобой ырдоону талап кылып, радио сыяктуу эле көрүшөт. «Тынбай ырда деп кыйнашат». Анан түшкү он экиде келген кудаларга таң атканча 10 койдун эти тартылганча 15-16 саат кызмат кылабыз. Белибиз бекчейип, көздөр кызарып жүрө беребиз. Тойлордо ар кандай мүнөздөгү адамдарды көрүп, психолог дагы болуп калат экенсиң», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE