Пример HTML-страницы

Жайылдагы 5 балалуу эненин бизнес долбоору социалдык кызматкерлерди аң-таң кылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОттокур кызы Багдагүл 1992-жылы туулган. 5 балалуу эне катары «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алып, тоют сатуучу жайда иштеген. Ал Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнө жүк ташууга мотороллер сатып алуу үчүн кайрылган. Ал өзүнүн долбоору менен комиссиянын мүчөлөрүн таң калтырды.

«Кичинекей, назик аялдын эркектин жумушу боюнча кайрылганы таң калтырды. Комиссия анын долбоорун жактырып, 100 миң сом тапшырылган. Бул акчага Багдыгүл техника сатып алып, азыр өзү үчүн иштеп жатат. Бул аял алгачкы капиталды алган адамдар ийгиликтүү акча таап жатканынын ачык мисалы болуп саналат. Биз ага кубанычтабыз», — дейт Жайыл районунун акиминин орун басары Элина Сердюкова.

Багдагүл жергиликтүү базарда «такси кызматын» кыла баштады. Анын айтымында, ал негизинен дүкөндөргө товарларды, базардагы сатып алуучуларга азык-түлүктөрдү жеткирет. Мурда бул ишти эркектер чоң араба менен жасашса, азыр алардын көбү мотороллерлер сатып алып, майда жүктөрдү ташуу кызматын көрсөтүп жатышат.

«Мен бул техниканы 2 жылдан бери колдоном. Башында ижарага алгам. Жолдошум учурда чет өлкөдө иштеп жүрөт. 40 000 сом жөнөтүүнү сурандым, ошентип 140 000 сомго мотороллер алдым. Азыр аны менен жашылча базарында иштеп жүрөм. Эркектер менен тең тайлашып товар жүктөп, дүкөндөргө алып барам. Мотороллер дээрлик эч кандай чыгымды талап кылбайт. Ал электр энергиясы менен кубатталган батарейка менен иштейт», — деди ал.

Багдагүлдүн айтымында, аны эркек кесиптештери алгач олуттуу кабыл алышкан эмес.

«Алар: «назик аялдан кардарлар товарды жүктөөнү суранса, эмне кылат?» деп айтышчу. Бирок мен күчтүүмүн, ошондуктан ийгиликке жеттим. Мен бир нече айдан бери базарда жүрөм. Азыр эркек кесиптештердин мамилеси өзгөрдү. Алар мени атаандаш катары көрүшөт. Базарда жүк ташуучулар көп, бирок алардын арасында жалгыз аял менмин. Менин туруктуу кардарларым бар, кээде кезек пайда болот. Мага жумушум жагат. Эртең мененки саат беште базарга келип, жабылганча иштейм», — деди Багдагүл.

Жайыл району боюнча бир жарым жылда 115 адам жөлөк пулдун ордуна социалдык келишим түзгөн. Негизинен алар бөлүнгөн каражатты мал чарбачылыгына, кийим тигүү цехин ачууга жумшашкан. Ал эми Багдагүл гана мотороллер сатып алган.

Кыргызстандын аймагында бир жылдан бери «Социалдык келишим» долбоору иштеп жатат. Анда балдарга берилүүчү жөлөк пулдун ордуна бизнес баштап кетүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө каражат берилет.

Эки жыл мурун президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүү улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген. Демилге колунда жок үй-бүлөлөрдү кыйын кырдаалдан чыгаруу жана аларды активдүү иш-аракеттерге шыктандыруу максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE