Пример HTML-страницы

Жайыл районунун жаш балбандары эл аралык турнирде алтын жана коло тагынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкекте Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларынан турган 16 команданын катышуусунда эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү.

Турнирге 2009-2013-жылдары туулган уландар катышты.

Жайыл районунан машыктыруучу Нуржан Сүймөналиевдин жетекчилиги астында алты жаш балбан спорттук турнирге катышып, жеңиш казынасына алтын жана коло медалдарды алып келишти.

41 кг салмакта Азамат Дуулатов 1-орунду ээледи, машыктыруучусу Руслан Атакеев. 38 кг салмакта Аслан Анарбеков 3-орунду ээледи, машыктыруучу Кенжебек Абдраев.

Жеңүүчүлөр жана экинчи орунга ээ болгондор турнирдин уюштуруучулары тарабынан эстелик медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Бардык салмактагы чемпиондорго чемпиондук курлар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE