Пример HTML-страницы

Жайыл районунун тургундары жаңы капустаны көп сатып ала башташты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда тургундар капустаны активдүү сатып алып, кышкыга туздай башташты.

«Биринчи үшүк түшөрү менен жаңы капуста көп сатыла баштады. Бардыгы кышка камылга көрүүдө», — дейт Жайыл районундагы базарлардын биринин сатуучусу Азат.

Жаңы капустанын баасы базарларда килограммы 13 сомдон 18 сомго чейин болууда.

«Туздалган капуста Европа өлкөлөрүндө, Россияда да улуттук тамак-аш катары эсептелинет. Ал салаттарга, гарнирлерге жана башка көптөгөн тамактарга кеңири колдонулат. Тарыхчылар туздалган капуста биздин заманга чейин 3-кылымда эле колдонулган дешет. Улуу кытай дубалын курган жумушчуларга берилген.

Буга чейин капуста жыгач челектерге салынып, жер төлөлөрдө сакталса, бүгүнкү күндө туздалган капуста чоң айнек банкаларга салынып, муздаткычтарда же балкондордо сакталат.

Туздалган капустаны сактоо температурасы 0 градус цельсийдин тегерегинде болушу керек. Эгер капуста тоңуп калса, ал жумшак болуп калат. Пайдалуу касиеттери азыраак болот.

Туздалган капуста С витаминине бай. Ал организмдин клеткаларынын жана ткандарынын эрте картаюусунун алдын алат. Ошондой эле иммундук системаны бекемдейт. Туздалган капустадагы натрий организмдеги тузду нормалдаштырууга көмөктөшөт.

Туздалган капуста зарнаны басат жана организмдин стресске туруктуулугун жогорулатат. Физикалык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн сунушталат. Жашылчанын пайдалуу касиеттери булчуңдардын ооруусун басат. Витаминдик продукт ошондой эле липиддердин, холестериндин, глюкозанын метаболизмин нормалдаштырат. Бул майлуу ткандарды азайтууга жардам берет. Туздалган капуста колдонуу организмди бүтүндөй тазалоого жардам берет», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE