Пример HTML-страницы

Жайыл районунун тоолорунда терини күйгүзгөн өсүмдүк жайнады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунун тоолорунда терини катуу күйгүзүүчү өсүмдүк көп өстү.

Бул өсүмдүк сейилдөө жолдорунун жана маршруттарынын жанында көп санда өсөт. Ал ак күл дарагы деп аталат. Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрү, өзгөчө анын ак жана кызгылт гүлдөрү коркунучтуу.

Бул өсүмдүк жөнүндө биолог Ирина Стежко мындай деди: «Кызгылт же ачык гүлдөрү бар, сабагы 70 сантиметрдей. Европанын бүткүл аймагы жана Азиянын айрым бөлүктөрүнө тараган. Таштак топурактарда жакшы өсөт. Өсүмдүктүн үстүндө буу сыяктуу эфир майы калкып турат. От кое берсе, өсүмдүктүн өзү эмес, майдын буулары күйөт. Дал ушул эфир майлары былжыр челдин жана теринин күйүп калышына алып келет. Алгач териде ыйлаакчалар, андан кийин көпкө кетпей турган күрөң тактар ​​пайда болот. Күйүк дароо эмес, бир нече мүнөттөн кийин сезилет. Бул өсүмдүктүн гүлдөрүн жыттоого жана терүүгө катуу тыюу салынган. Гүлдөгөндөн кийин пайда болгон «кутулар» дагы коркунучтуу. Уруктары дээрлик көрүнбөйт, бирок алар эфир майларын бирдей өлчөмдө бөлүп чыгарышат».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE