Пример HTML-страницы

Жаңы жылдын биринчи күнү Ош шаарында кандуу окуя катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Курманжан датка аймактык башкармалыгында жайгашкан батирлердин биринде белгисиз жаран эки адамды бычактап кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына өзүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 1-январь күнү таңга маал болгон. 47 жаштагы жаран 66 жаштагы эркек кишиге бир нече жолу бычак сайып, денесине жаракат келтирген. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Андан кийин аталган жаран 55 жаштагы аялга бир нече жолу бычак сайган. Жабыркаган аял Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Чыр-чатак кызганычтын айынан келип чыкканы айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE