Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө эс алууга барып каза тапкан ат-башылык Нуриза жерге берилди. Аны жакындары эскерди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылындагы жол кырсыктан жабыркаган 22 жаштагы Нуриза бүгүн, 11-августта Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Жол кырсык 2023-жылдын 5-августунда саат 23:40 чамасында катталган. К.А. аттуу айдоочу «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа менен жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен.

Маркумдун сөөгү Ысык-Көлдөн Ат-Башы айылына 10-августта жеткирилген. Нуризанын тууганы Салтанат Айтбосунованын айтымында, сиңдиси Ысык-Көлгө кесиптештери менен эс алууга эки күнгө барган.

«Нуриза жүрөгү таза, ыйманы толгон, жүзүнөн нур төгүлгөн кыз эле. Жаш кыздан айрылып отурабыз», — деди ал.

Нуризанын жеңеси Зуура Кожомгелдиева: «Нуризаны баарыбыз жакшы көрчүбүз. Улуу дагы, кичүү дагы жакшы көргөн жан эле. Дайыма жылмайып жүрөт эле. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызыбыздан ажырап отурабыз. Билимдүү, төгөрөгү төп келген кыз эле», — деди.

Нуриза үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси, кесиби боюнча бухгалтер болчу.

Буга чейин маркумдун тууганы Салтанат Айтбосунова окуя тууралуу айтып берген.

«6-августка караган түнү Чоң-Сары-Ой айылынан Нуриза Акылбекова сиңдимди катуу ылдамдыкта келе жаткан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Унаа сүзгөндө сиңдим 30 метр аралыкка кулады. Унаа «тормоз» бергенден кийин да 23-24 метр өтүп барып токтоду. Калк жашаган аймакта ошондой ылдамдыкта айдап керек эмес эле. Сиңдим көптөгөн жаракаттарды алып, эки колу, эки буту, акыреги, жамбаш сөөгү сынды. Башынан жаракат алып, шишип кетти.

Сиңдим 5 сутка дегенде каза болду. Тиги киши достору менен пляжда жүрөгөнүн айтышты», — деген маркумдун тууганы Салтанат Айтбосунова президенттен бул ишти көзөмөлгө алууну суранган.

  • Маркум Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну болгон. Ал Ысык-Көлгө эс алууга барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE