Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү тургундар өз ыктыяры менен 11 ок атуучу куралды тапшырышты

Акыркы жанылыктар

Turmush13-февралдан тарта Ысык-Көл облусунун аймагында курал-жарактарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоого, курал колдонуу менен жасалган кылмыштарды ачууга багытталган «Арсенал» операциясы өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Арсенал» рейдинин жүрүшүндө жергиликтүү ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды ыктыярдуу өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада жарандар өз ыктыяры менен 11 ок атуучу куралды тапшырышкан, 1 сайлуу ок атуучу курал мыйзамсыз сакталгандыгы үчүн алынган.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан 371 ышкыбоз мергенчилер жана газ-травматикалык курал ээлери текшерилди. Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жалпы 371 протокол түзүлдү жана 6 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мыйзамсыз сакталган же табылган курал-жаракты, ошондой эле ок-дарыларды ыктыярдуу берген жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE