Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү лидер айымдар тилектештик курултайына чогулду

TurmushБүгүн, 25-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында биринчи жолу аялдардын тилектештик курултайы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ккурултайда аялдарга карата зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык күчтөндүрүүсү жана аймактардагы саламаттыкты сактоо, экология сыяктуу маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланды.

Иш-чарада облустун прогрессивдүү лидер айымдары бир аянтчага чогулуп, облустун район-шаарларынан ар кесиптин ээлеринен делегат келди.

«Курултайга район-шаарлардан ар кесиптин ээси болгон айымдар келди. Арасында эл өкүлдөрү, мугалим, дарыгер, баары бар. Биз аларга абдан ишенип жатабыз. Жер-жерлерде аялдарга болуп жаткан зордук-зомбулукту алдын алып, биргелешип иш алып барышат», — дейт уюштуруучулардын бири Бибигүл Бупебаева.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE