Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө Кытай жаранынын жансыз денеси табылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБир жумадан бери ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөөгө алынган 22 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү кечээ, 25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2000-жылы туулган Сай Тун Бишкек мамлекеттик гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болчу.

Анын жоголгону тууралуу алгачкы маалымат ИИМге 1-августа түшүп, милиция тарабынан издөө иштери 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн. Кайрылуунун негизинде аталган Кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүрдү.

25-август күнү саат 15:59да Каракол шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнө Каракол капчыгайында суунун ичинде жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 16:05те Каракол шаардык №15 ӨККБдан 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер барып, суудан чыгарлыган сөөк саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE