Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн жээгине медициналык шаар куруу сунушталууда. Долбоор көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районуна караштуу Ысык-Көл айыл аймагына медициналык шаар курууну көздөп жатышат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, долбоор Түштүк Кореядан келген өкүлдөр, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар менен бирге каралды.

Жыйында 10 жыл аралыгында 2 миң гектар жерге медициналык жай куруу пландалып жатканы айтылды. Долбоор боюнча, анын аймагында эс алуу жайы, сейил бакча, күнөскана болот. Долбоор ишке ашса 15 миңге жакын адам жумуш орду менен камсыз болот.

Биринчи этапта резорт-мейманканалар, экинчи этапта смарт күнөскана, гольф зона жана медициналык шаарды куруу сунушталууда.

Ысык-Көл айыл аймагынын башчысы Урмат Бозгуновдун айтымында, учурда долбоор боюнча коомдук угуулар өтүп жатат.

«Кореядан келген инвесторлор 350 миң калкты батыра турган медициналык шаар куруу долбоорун сунуштады. Жыйынга жергиликтүү депутаттар, активдүү жарандар да катышып, кыргыз колоритин камтып кетүүнү сунуштады. Чет элдик ишкерлердин айтымында, экологияга зыян тийбейт. Тактап айтканда, таштанды калдыктар, саркынды суулар жерге сиңбей, заманбап ыкма колдонулат. Ушул тапта жергиликтүү жашоочуларга коомдук угуулар өтүп жатат. Бул долбоор жүзөгө ашса 15 миңдей адам жумуш орду менен камсыздалып, айыл өкмөтүбүздүн бюджети толукталып, дотациядан чыкмак», — деди Бозгунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE