Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунун аймагында мындан ары желим баштыктарын колдонууга тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 16-июнь күнү Каракол шаарынынын 8 муниципалдык аймак башчыларынын катышуусунда Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун сактап калуу үчүн желим баштыктарды колдонууга тыюу салынып жатканы боюнча атайын адистер түшүндүрүү жана талкулоо иштерин жүргүзүлдү, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан катышуучуларга өлкө башчынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2023-жылдын 6-июнундагы №148 жарлыгын аткаруу максатында Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салынгандыгы тууралуу кененирээк маалымат берилди.

Ошондой катышуучуларга жарлыктын аткарылышына ким жоопкер экени айтылды. Анда маалым болгондой, жоопкерчилик Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине, Ички иштер министрлигине, президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлгөн.

Жогорудагылардын негизинде, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салууну толук кандуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэриялары жоопкерчилик зонасына кирген аймактарда ишкердик субъекттеринин жана башка жактардын полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдалануусуна бөгөт коюуга багытталган түшүндүрүү жана башка зарыл иштерди жүргүзүүсү зарыл экени айтылды.

«Полимердик материалдардын калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу үчүн «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу зарылдыгын түшүндүрүп жатабыз. Бышык жана экологиялык жактан таза кагаз, текстиль жана токулган баштыктардын пайдасына полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонуудан баш тартуу керектиги айтылууда. Учурда калк арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акырындык менен желим баштыктарын колдонбоого бара жатабыз. Аймак башчылары жергиликтүүлөр менен түздөн-түз иш алып баргандыктан, аларга элге так маалымат жеткирүүнү суранып жатабыз», — дейт Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башкы адиси Айсулуу Бакалова.

Муну менен катар жыйында облус аймагында жумушчу топ түзүлөрү маалымдалды. Мындай иш-чаралар облустун ар бир район-шаарларында уюштурулат.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Turmush басылмасынын кабарчысына берилген маалымат катында:

— 1997-жылдын 10-декабрындагы №90 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин талаптарын сактоо максатында «Керектөөчү товар (иш, кызмат) кадимки шартта пайдаланылып, сакталып, ташылып жана утилге чыгарылган учурда керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, айлана-чөйрө үчүн коопсуз болушуна, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирбөөсүнө укуктуу…».

— полимердик материалдардын калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында;

— «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү;

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгын аткаруу үчүн:

Ысык-Көлдү сактап калуу, ошондой эле анын аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында желим баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Ысык-Көл облусунун жашоочуларына, бизнес коомчулугуна (базарлар жана соода түйүндөрү) полимердик материалдардан жасалган желим таңгактоочу товарларды сатууда көп санда колдонуларын, ташталарын, андан кийин булганган түрүндө (коомдук жерлерде) топтолуп жана катуу тиричилик таштандыларынын полигондорунда дээрлик түбөлүккө калып каларын маалымдайт.

Полимердик материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктарды массалык түрдө колдонуу желим баштыктар шаарлардын канализация тутумдарынын бүтөлүшүнө, суу ташкынынын коркунучуна алып келет, эс алууга арналган жээктерди жана жээк аймактарын желим таштандылар каптап, туризм тармагына зыян келтирет.

Желим 200 жылдай убакытта гана чирип жок болорун эске ала турган болсок, желимдер жерге киргенде майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп, өндүрүш учурунда аларга кошулган химиялык заттарды айлана-чөйрөгө тарата башташат. Бул хлор, ар кандай химиялык заттар, уулуу же канцерогендик от алдыргычтар болушу мүмкүн.

Жер астындагы суулар аркылуу желимдин майда бөлүкчөлөрү жана анын химикаттары жакын жердеги суу булактарына сиңип кетет, бул көп учурда адамдын организмине зыяндуу таасирин тийгизет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1. Бизнес коомчулугуна (базарлар, соода түйүндөрү) полимердик таңгактан баш тартууну колдоо, өз керектөөчүлөрүнүн арасында көп жолу колдонулуучу баштыктарды колдонууну кубаттоо.

2. Желим баштыктарды кагаз баштыктарга, сууга жана көмүр кычкыл газына ажырай турган крахмалдан жасалган биологиялык ажыроочу баштыктарга алмаштыруу зарыл. Баштык суюктук, кычкылтек жана ультрафиолет нурлары менен өз ара аракеттенгенден кийин фрагменттерге ажырайт.

3. Дүкөндөрдүн жана базарлардын кире беришинде социалдык жарнаманы ишке киргизиңиз: «Жеке баштыгыңыз менен соода кылыңыз! Айлана-чөйрөгө кам көрүңүз!».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE