Пример HTML-страницы

Ысык-Көл көлүндөгү «Титаник» сейрек кубулуштан кийин даана көрүнө баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылына жакын жерде Ысык-Көлгө 45 жыл мурун атайын жүк ташуучу кайык (баржа) чөгүп кеткен.

Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли азайгандыктан, жергиликтүүлөр Титаник деп атаган баржа көрүнүп калган.

Ичке-Булуң айылынын тургуну Жумакадыр Асанбаевдин айтымында, Липенка айылынын төмөн жагында көл жээгинде союз маалында жүк ташуучу кайыктар көп болгон.

«15 мамлекет биригип турган союз маалында Липенка айылынын жээгинде атайын жүк ташуучу кайыктар (баржа) Балыкчы—Каракол каттамында суу үстүндө жүк ташып турган. Бүтүндөй райондон буудай, арпа, көп жылдык чөп дал ошол жерге топтолчу. Анан да бир топ жүктөр Караколдон Рыбачыга — азыркы Балыкчы шаарына, ал жактан Караколго ташылчу эле. 1970-жылы буудай менен корабль чөккөн. Аны Россиядан атайын топ келип чыгарышкан. Бул суу астында калган баржа 1978-жылы шагыл менен кошо чөгүп кеткен. Азыр ошол бойдон суу астында калды. Салмагы кеминде 1,5 миң тонна», — деген ал.

Баржа чөгүп кеткен жерде Turmush басылмасынын кабарчысы 2022-жылдын июль айында болгон.

Сүрөттөр 2022-жылдын 8-июлунда тартылган.

Бир жылдан кийин тургундар суунун деңгээли кескин азайып баратканын айтышты. Ушундан улам чөгүп кеткен баржа дагы жакшыраак көрүнүп калды.

Сүрөттөр 2023-жылдын 19-июлунда тартылган.

Сүрөттөр 2022-жылдын 31-январында тартылган.

2022-жылдын март айында Ысык-Көл облусунун милициясы эки жаран көлдөн чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүп, жер кыртышын бузгандыгын билдирген.

Кененирээк бул жерден окуй аласыздар.

Turmush басылмасы Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли төмөндөөнү улантып жатканын жазган. Үстүбүздөгү жылы да суунун деңгээлин өлчөөдө төмөндөө тенденциясы байкалган.

Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли 2017-жылдан 2022-жылга чейин 50 сантиметрге, 2021-2022-жылдары 9 сантиметрге ылдыйлаганын Чолпон-Ата шаарындагы көл обсерваториясынын инженер-гидрологу Игорь Спиридонов билдирдген.

«2022-жылдын июнь айында суунун индекси 1606,41 см (Балтика ченөө системасы), 2023-жылы июнда 1606,30 см болгон. 2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин суунун деңгээли 11 сантиметрге төмөндөгөн», — деген инженер-гидролог.

Кыргызгидрометтин Чолпон-Ата шаарындагы обсерваториясынын башчысы Кылычбек Кариев Ысык-Көл өзүнүн табигый жаратылышы боюнча 3-4 жыл төмөндөп, 3-4 жыл көбөйүп турарын айткан.

Ысык-Көлгө 80ден ашык суу куюлуп, бир дагы суу агып чыкпайт. Көл жергесинин ландшафттары өтө ар түрдүү. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийикте жайгашып, бардык тарабынан бийик тоо кыркалары менен курчалган, тоңбой турган көл болуп саналат.

Бул тармакта көп жыл эмгектенген гидролог, профессор Жумакадыр Карамолдоев бул 1850 жылда бир кайталанган көрүнүш деп эсептейт.

«Табиятта суу объектилерин, мөңгү, көл, дарыялар — баары термелип (көбөйүп, азайып) турат. Көлөмүнө жараша чоң болсо, көп кылымда, кичине болсо, сезон сайын термелет. Кыргызстандын мөңгүлөрүн алсак, миллион жылда 4 жолу ташкындап тартылды. Учурда тартылуу убагы болуп жатат. Ушундай эле термелүүгө Ысык-Көл туш болууда.

Орусиялык көл таануучу (озеровед) А.В.Шнитников Тянь-Шань суулары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Ал Кыргызстанда көп жыл жүрүп, бир нече экспедиция уюштурган. Анын эмгегине таянсак, 1850 жылда бир Ысык-Көл ушундай термелүүгө дуушар болот деген. Көлдүн деңгээлине климаттын да өзгөрүшү таасирин тийгизүүдө. Суу улам тереңдеген сайын температурасы төмөн болот, демек буланууда да төмөн болот. Азыр тайыз жерлер бууланып, тереңдеген сайын булгануу токтойт. Көпчүлүк учурда жээк да өзгөрөт. Суу жээкти жууп кетет. Кээде кумду бир жерге алып барып коёт. Андан улам айрым жээктер башкача көрүнүп калышы мүмкүн. Суунун өзүнүн табияты ушундай. Ташкындап, тартылып, кайра өз деңгээлине барып калат», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE