Пример HTML-страницы

Ысык-Атада «кичинекей аюу» деп аталган жырткычтын чээни табылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТабият сүйүүчү Сайора Маматова Ысык-Ата районунун тоо этектеринен «кичинекей аюунун» чээнин таап алды.

«Жазгы калың кардын бетинде тырмактардын изи калыптыр. Адырдын тегерегин карап чыгып, дагы бир нече чоң тешиктерди таптым. Мындай баш калкалоочу жайлар кайсы жаныбарга таандык?» — деп таң калды ал.

Аталган табылга боюнча эколог Александр Сосновский комментарий берди. Анын айтымында, табылган издер жана тешиктер кашкулакка таандык.

«Кашкулакты «кичинекей аюу» деп да атап коюшат. Анткени ал да аюу сымал бардык нерселерди жей берет, кышкысын уйкуга кетет, чымыр денелүү, узун тырмактары бар күчтүү шыйрактары бар. Жазында кашкулактар ойгонуп, чээнден чыга баштайт. Кашкулактар жерди тешип жасаган чээндер 50дөн ашык жылдар бою бузулбай турушу мүмкүн», — дейт А.Сосновский.

Кашкулактар — суусарлар тукумундагы сүт эмүүчүлөр. Дене узундугу 60-90 см, куйругу 12-24 см. Жону, капталы боз, боору каралжын. Башынын эки жагында тумшугунан кулактарын көздөй кара жолчолор кетет. Буттары кыска, манжалары узунураак, тырмагы чоң, ийилип турат.

Евразия токойлорунда, жарым чөлдө кездешет. Кыргызстанда да бар. Ийинде жашайт. Суук аймактарда кышкысын чээнге кирет. 1-6 бала тууйт. Кашкулак майда кемирүүчүлөр, бака, кескелдирик, омурткасыздар, өсүмдүктүн тамыр-сабагы, мөмө, жаңгак, козу карын жана башкалар менен ылгабай азыктанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE