Пример HTML-страницы

Үч кыздын апасы Ж.Саламатованын жолдошу айткандын баары дал келип, таң калган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылынын 40 жаштагы тургуну Жамал Саламатова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында төрөлгөм. Жогорку билимдүүмүн. 1999-жылы болочоктогу жолдошум менен айылдык дискотекадан таанышып калгам. Экөөбүз жалпы 4 жыл кыз-жигит болуп жүрүп, 2003-жылы баш кошконбуз. Жолдошум тыкан, таза жүргөнү жаккан. Экөөбүз тең экенбиз, бирок ошол убакытка чейин бир да жолу көрбөптүрмүн. Бир айга чукул сүйлөшкөндөн кийин ал Бишкек шаарына иштегени кетти. Күндөрдүн биринде биздин айылда катуу шамал болуп, телефон зымдары үзүлүп кетти. Ушундан улам экөөбүз такыр байланыша албай калдык. Андан 8 айдан кийин жолугуп, кайра мамилебиз уланып кетти», — деди ал.

Анын айтымында, турмуш курган соң 4 жылдан кийин балалуу болгон.

«Жолдошум Темирбек Дорбошев 1980-жылы Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында төрөлгөн. 2015-жылга чейин Кант шаарында соода тармагында иштеди. Андан соң эл катары Россияга иштегени келгенбиз. Учурда Москва шаарында полиграфия тармагында эмгектенебиз. Ортодо 3 кызды тарбиялап жатабыз.

Жолдошумдун үй-бүлөсүндө аял кишиге аяр мамиле кылууга басым жасалган. Аял кишини сыйлап, жардам берип турат жана ошондой эле аялын жанынан чыгарбайт. Кыздарына да абдан аяр мамиле жасайт. Биз 22 жашыбызда үйлөнүп, 27 жашка чыкканда балалуу болдук. Ошол убакыт аралыгында жолдошум бир да жолу «төрөбөйсүң» деп айткан жок. Мен капаланып ыйлап калсам: «Баланы да бакканга жакшы шарт болуш керек. Үй алабыз, унаа алабыз, анан балалуу болобуз» деп сооротуп койчу. Ошентип үйлүү да, унаалуу да болдук. Эң кызыгы, жаңы үйгө көчүп барып, унаа короого киргенде кош бойлуу экенимди билдик», — деди ал.

Каарманыбыз учурдагы жашоосу жана алдыга койгон ой-максаттары тууралуу айтып берди.

«Улуу кызыбыз Элайым 7-класста, экинчиси Элия 5-класста, кичүүсү Дилайым 1-класста окуйт. Үчөө тең спорттун таэквондо түрү менен машыгат. Учурда Москва шаарында эмгектенип жүргөндүктөн бош убактыбыз деле жок. Убакыт таап калсак, уйкубузду жакшылап кандырып алганга шашабыз. Балдар алыста болуп, сагынгандыктан аларсыз эки жакка баргыбыз келбейт. Бирок каникул учурунда кыздарымды алып келип, көп жерди көрсөткөнгө аракет кылабыз.

Азыр убакыт мурункуга салыштырмалуу тез өтүп жаткандай сезилет. Көр оокат менен алышып жүрүп, чет жерде жүргөнүбүзгө 6 жылдын жүзү болгонун аңдыбай да калыптырбыз. Алдыда өз өлкөбүзгө барып, кыздарыбыз менен чогуу жашасак деп турабыз», — деди ал.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE