Пример HTML-страницы

Turmush: «Жыртылган сайын 100 000 сомго алмаштырабыз»: Ноокаттагы талкууга алынган желек

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунун Кеңеш айылындагы флагштокко орнотулган желек көптөн бери алмашылбай, жыртылып калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Ал эми Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Пахридин Асаналиевдин айтымында, аталган желек жыл башынан бери 3 жолу алмаштырылды.

«Шамал болгондо эле жыртылып калып жатат. Туунун узуну 15 метр, туурасы 10 метрди түзөт. Ар бир алмаштырганга 100 миң сомго тендер жарыяланат. Тендери жок цехтерге тиктирсек, 50 миң сом болот. Бирок ага мыйзам жол бербейт. Баарын тендер аркылуу алабыз. Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы желек илебиз, буюртма берилди», — деди ал.

Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Гүлистан айыл аймагындагы маданият үйүнүн алдындагы өңү өчүп калган желек социалдык тармактагы колдонуучулардын нааразычылыгынан кийин алмаштырылды.

Айыл өкмөт башчысы Эргашали Шаназаровдук айтымында, флагштокко илинген туу алмашылып, флагшток сырдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE