Пример HTML-страницы

Turmush: Жалал-Абадда төрөттүн саны азайды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда былтыркы жылга салыштырмалуу энелердин көз жаруусу 300дөй учурга азайды. Бул маалымат саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер талкуулаган координациялык кеңеште белгилүү болгонун аймактык кабарчы билдирди.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адиси Кадича Пратованын баяндамасына караганда, быйылкы жылдын 6 айында жалпысынан 13082 төрөт катталган. 2021-жылдын бул мезгилинде төрөттүн саны 13 378ди түзүп, быйыл 296 учурга аз болгон.

«Ал эми 1 жашка чейинки балдардын өлүмү 39 учурга азайды. Башкача айтканда, ар кандай оорулардан, ара төрөлүүдөн, башка жагдайлардан улам быйыл 156 бала каза болду. Былтыр бул көрсөткүч 196 учурду түзгөн болчу», — дейт ал.

Координациялык кеңеште белгилүү болгондой, төрөттөн улам 4 эне көз жумган.

Жыйында калк саламаттыгын жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер, дарыгерлердин тажрыйбаларын арттыруу үчүн жүргүзүлуп жаткан окутуулар, ооруканаларды жакшыртуу үчүн жасалып жаткан иштер, дарыгерлердин жетишсиздиги сыяктуу маселелер айтылды.

Дарыгерлер аларга карата бир тараптуу дооматтар арбыганын, мындай учурда жергиликтүү бийликтин колдоосун сезбей жатышканын айтышты. Мамлекеттик ооруканалардан күчтүү адистер жеке менчик ооруканалдарга кетип жатканы, адистердин жетишсиздиги боюнча кеп козголду.

Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев калк саламаттыгы үчүн ар кандай кырдаалда иштөөгө туура келерин айтып, алар айтылган пикирлер боюнча да иш алып барыларын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE