Пример HTML-страницы

Turmush: Таласта бир күндө каза болгон классташ кыздар: Алар жерге берилди

Акыркы жанылыктар

Turmush24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында сууга чөгүп кетип каза болгон кыздар паралель класстарда билим алган классташтар болчу. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, экөө сууга түшөбүз деп кийимдерин алып үйдөн чыгып кетишкен. Бирок алардын сууга түшөрүн эч ким билген эмес. Каналдагы суу кир болгондуктан ага эч ким түшө элек болчу. Кыздар жок болуп издөө башталганда суу жээгинен кийимдери табылган. Ошондон кийин аларды суудан издей башташкан. Кыздар 25-июнда айылда жерге берилди.

Буга чейин ӨК-июндаМ 24-июнда Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында 2 кыз сууга агып кеткенин билдирген. 2009-жылы туулган А.Т. менен 2008-жылы туулган Р.Д. кечинде сууга агып кеткени маалым болгон. Кечээ, 25-июнда 2009-жылы туулган А.Т.нын жансыз денеси суудан табылган. Экинчи кыздын денеси да кечээ саат 17:30да табылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE