Пример HTML-страницы

Turmush: Кыргыздын хоккейчи кыздары Кувейт мамлекетинин курама командасын 3:1 эсебинде утуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТаиланддагы кыз-келиндер арасында өтүп жаткан хоккей боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы алгачкы атаандаш команданы 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу «Шапак» хоккей командасынын машыктыруучусу Саламат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык мелдешке 8 өлкөнүн хоккейчилери катышып жатат.

«Биринчи беттеште Кувейт мамлекетинин командасы туш келди. Аларды биздин кыздар 3:1 эсебинде жеңип алышты. Кыргызстан курама командасына «Шапак» хоккей командасынан 12 кыз кирди. Биз бул оюнга чоң даярдык менен келдик. Анткени чет өлкөдө биринчи жолу оюн көрсөтүп жатабыз. Алдыдагы оюндарда да Кудайым колдоп, ийгилик жаратабыз деген тилегибиз бар», — дейт Саламат Абдрахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE