Пример HTML-страницы

Turmush: «Куттуу эл» улуттук форуму: Жалал-Абад тууралуу баяндама жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында «Куттуу эл» республикалык улуттук форумунун алкагында «Жылдызы жанган Жалал-Абад» жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Алгач Барпы атындагы кыргыз драм театрынын «Барпы апыз» аттуу театрлаштырылган композиция көрсөтүлүүдө. Программа алкагында техника илимдеринин доктору, профессор А.Ашыралиев «Кут дарыган Жалал-Абад», КРнын Эл артисти Б.Жумалиев «Жалал-Абаддын залкар инсандары», журналист Бактыкан Ажымаматова «Баатырлар жердеген Жалал-Абад» темасында баяндама жасашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE