Пример HTML-страницы

Turmush: Бишкек—Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү толук тазаланды,

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымындагы кар көчкү толук тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 17-февралда саат 19:45те Бишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Алдына ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Жерине №23 жол тейлөө мекемеси тарабынан 2 автожүктөгүч тартылып, саат 20:10дон баштап Бишкек—Ош унаа жолунун 271-чакырымында («Арал» посту) автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

Кар көчкү саат 21:30да толук тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE