Пример HTML-страницы

Turmush: Азырынча чек арага жакын аймактардагы мектептер жана бала бакчалар иштебейт,

Акыркы жанылыктар

TurmushАзырынча чек арага жакын жайгашкан аймактарда мектептер жана бала бакчалар иштебейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, атайын жыйын өтүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

«Кафелер, ресторан, ашканалар эртеңден баштап иштеши керек. Иштебей кетип калгандарга чара көрбүз, себеби алар милдеттүү. Калган мамлекеттик кызматкерлер өз ишин алып барышы керек. Жетекчилерди ар бир айылга, эвакуцияланган аймактарга бөлдүк. Алар көйгөйдү жеринде чечет», — деди ал.

А.Алимбаев учурда Баткен облусундагы 28 банктын үчөө эле иштебей жатканын кошумчалады.

«Дүкөндөр, май куюучу станциялар иштеши керек. Ишкерлер иштегенге милдеттүү. Себеби бүгүнкү күндүн талабы ушундай болуп жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE