Пример HTML-страницы

Тургундар кантип күн кечирүүдө? Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБарак эксклавынын тургундары Өзбекстан Республикасынын аймагынан көчүрүлүп келди. Көчүрүү иштери 2024-жылдын 15-апрелинде аяктады. Turmush басылмасынын кабарчысы айыл тургундары менен маектешти.

Барак эксклавынын тургуну Жалал Шариповдун айтымында, көкөй кескен жол көйгөйү жашоочуларды кыйнап, Кыргызстанга өтүү кыйынга турду. Бүгүнкү күндө үй-жайларынын баары көчүрүлдү.

«Биз Барактагы жерлерибизди таштап келдик. Чынын айтсам, туулган жерди таштап чыгуу, өзүбүздүн үйлөрдү бузуу кыйын болду. Ал жер туулган жерибиз, кичинебизден ошол жерде чоңойгонбуз. Ачыгын айтканда көзүбүзгө жаш келип, ыйлап жибергендер да болду. Өкмөткө ырахмат, ушунча жардам берип, көчүрүп келишти. ӨКМден бери жардам берип жатышты. Ал жакта эч кандай буюмдарыбызды калтырбастан, баарын бул жакка алып чыгып беришти.

Баракта эң негизги көйгөй — жол маселеси болчу. Жаныбызда пост турса, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы посттон өтүп, бир күн кечке чейинки убактың жолго эле өтүп кеткен учурлар болгон», — деди Шарипов.

Барактын дагы бир тургуну Исамидин Субанов тезинен үй курулуп, үлүш жерлер бөлүнүп берилсе деген пикирин билдирди. Ал Барактан көчүрүп чыкканы үчүн өлкө жетекчилигине ыраазылык билдирди. Ал акыркы учурда Баракта жашоо кыйынчылык жаратып калганын белгиледи.

«Акыркы учурда Баракта жашоо өтө кыйын болуп калган. Президентибизге жардам берип, жерлерди алмашып, бизди көчүрүп келгенине ырахмат. Эми бул жакка тезинен үй салып, үлүш жерлерди бөлүп беришсе жакшы болот», — деди ал.

Азыркы күндө барактыктар туугандарынын үйүндө, ижарага алынган үйлөрдө, Ала-Тоо айыл аймагындагы бир нече айылдарда жашап, күн кечирүүдө. Тургундардын айтымында, аларга курула турган үй ушул жылдын август айында бүткөрүлөрү тууралуу жергиликтүү бийлик маалымат берген. Жарандар турак жайлардын тезирээк бүтүп, үлүш жерлери бөлүнүшүн гана күтүп турушат.

«Азыр ар кимибиз ар жакта жашап жатабыз. Телман айылында, Кашкар-Кыштакта, Сары-Колотто жана башка жактарга көчүп-конуп, убактылуу жашап турабыз. Жакын арада жер бөлүп берсе, ошол жакка көчүп барабыз», — деди дагы бир тургун Үсөн Төрөкулов.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Барак эксклавынын аянты 208 гектар болгондуктан аларга 208 гектар жер бөлүнгөн.

——————————————————-

Буга чейин Turmush Барак эксклавынын тургундары Өзбекстан Республикасынын аймагынан көчүрүлүп келгенин жазган.

2024-жылдын 4-8-март күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу комиссияларынын жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган.

Жогорудагы протоколго ылайык, 2024-жылдын 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасы тарабынан инженердик-техникалык курулмаларын демонтаждоо, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан Барак айылынан өз жарандарын көчүрүп чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

Барак эксклавынын тургундарын көчүрүп чыгуу жана аларга турак жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана аларга инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелинде №117 тескемеси кабыл алынган.

Тескеменин негизинде бүгүнкү күндө 97 турак жай, 8 социалдык объекти бузулуп, толугу менен Кыргызстандын аймагына көчүрүлдү.

Көчүрүү иштерине жалпы 52 техника жана 155 жаран тартылды.

Барак айылында жалпы 97 турак жай жана 8 социалдык объекти катталган:

— мектеп (эки корпустан турат);

— бала бакча;

— коомдук мончо;

— ФАП;

— айылдык маданият үйү;

— мечит;

— таза суу менен камсыз кылуучу скважина (115 метрден артезиан суусун тереңдиктеги насос менен тарттырып берет);

— эки жеке менчик дүкөн.

«Социалдык объектилериден айылдык мечиттин имараты гана бузулган жок. 2024-жылдын 14-апрелине карата 97 турак жай жана 8 социалдык объекти бузулуп, толук алынып чыгарылды. Президент Садыр Жапаров тарабынан акча каражаты май айына чейин бөлүнүп, август айына чейин Барак айылынын тургундарынын турак жайлары бүткөрүлөт», — деп айтылган маалыматта.

Барак айылынын эли үчүн 101 турак үй курулуп, бойго жеткен 63 балага жер тилкелер берилет.

——————————————————-

Барак — Кыргызстандын эксклавы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл. Ала-Тоо айыл аймагынын (мурунку Ак-Таш айыл аймагы) курамына кирет. Толугу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Кургантепа району менен курчалат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл аймактары биригип, Ала-Тоо айыл аймагы түзүлдү.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси талкууланган.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Депутат Алишер Козуев Ташиевден Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы тууралуу сураган. Анын айтымында, айылда 300дөн ашуун түтүн, 1 миңден ашуун адам жашайт.

«Барак айылын алмаштык. 208 гектар жерди Өзбекстанга берип, Өзбекстандын Кара-Суу менен чектешкен суулуу, тегиз жеринен 208 гектар жерди алдык. Демаркациялоо иштери башталганда Барактагы жашоочуларды көчүрүп кетебиз. Мамлекет тарабынан компенсация берилет жана үй салып беребиз. Алыс жерге көчүрбөйбүз. Жакын эле жерге көчүшөт», — деген Ташиев.

Turmush 2024-жылдын 11-апрелинде Барак эксклавынын элин көчүрүү иштери башталып, 97 турак жай бузулганын жазган.

Барактын жашоочуларын Мөнөк айылынын жанындагы Анжиян-Маала аймагына жакын жерге көчүрүү пландалууда. Алар үйлөрү толук көчүрүлгөнгө чейин аталган аймакта болуп турушат.

Учурда Барак айылынын тургундары көчүрүлө турган жердин болжолдуу башкы планы түзүлдү. Башкы план кийинчерээк өзгөрүшү мүмкүн.

——————————————————-

Буга чейин «Баракелде» Министрлер кабинети президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Барак эксклавынын тургундарын Өзбекстандан алынган 208 гектар аянттагы жерлерге көчүрүүнү тапшырганын жазган.

Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 1-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ошондой эле бузулган социалдык объектилерден жана жашоочулардын турак жайларынан курулуш материалдарын ташып чыгуунун графигин бекитүү жана жарандарды көчүрүү мезгилинде тамак-аш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү тапшырылган.

Мамлекеттик курулуш агенттигине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте калктуу конуштун аймагын аныктоо жана 38 гектар жердин деталдык пландоо долбоору менен айкалыштырылган башкы планды иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле агенттикке Барак айылындагы социалдык объектилердин тизмесин аныктап, 2025-жылдын курулуш планына киргизүү тапшырмасы берилди.

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясына Барак эксклавынын тургундарынын турак жайларынын жана жер үлүштөрүнүн аянтын көрсөтүү менен тизмесин түзүү, Барак эксклавындагы бузулган социалдык объектилерден жана турак жай имараттарынан курулуш материалдарын алып чыгуу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE