Пример HTML-страницы

Тоо боорунда чоң көлөмдөгү кулпунайларды өстүргөн Темирлан Алдашев дагы деле түшүм алып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну Темирлан Алдашев бир жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алек. Ал өткөн жылы айылдын жогору жагында, тоо этегинде кулпунай өстүрүп, түшүм мол болгонун айтат.

«Айылдан жогору 9 чакырым аралыкта жер тилкем бар. Кулпунай өстүрүүнү максат кылып, 7 миң көчөт сатып келдим. Аны атайын ыкма менен 20 сотых жерге отургузуп, бала карагандай карадым. Тамырга кетиш үчүн алгач гүлдөрүн үзүп, кам көрдүк. Биринчи жолу өстүргөндүктөн, бардык маалыматты интернет булактарынан алып, өстүрүүгө туура келди. Мурутун өз маалында кесип турбаса мөмө байлабайт.

Июнь айынан баштап түшүм берип баштады. Алгач эле 1 килограммын 300-350 сомдон сатып өткөрдүк. Айылдыктар да кызыкдар болуп жеринен алып жатышты. Көбүнчө Кызыл-Суунун базарына барып өткөрдүк.

Көпчүлүк «кулпунай жылууда өсөт, тоодо өспөйт» дешкен. Буюрса ишибиз илгерилеп, азыркы учурда да түшүм алып жатабыз. Азыр деле базарда 1 килограммын 300 сомдон сатып жатабыз», — деди ал.

Каарманыбыз кулпунайдын «Альбион» жана «Клери» сортторун өстүрүп жатат.

«Мөмөлүү келип, эзилип кетпейт. Эки граммга чейин болот. Бул сорт кеч күзгө чейин түшүм берет. Ал эми «Клери» сорту эрте бышып, түшүмүн эрте токтотот. Алдыда дагы 15 миң көчөт отургузууну максат кылып жатам», — дейт айыл тургуну.

Темирлан Алдашев дыйканчылыкты үйрөнөм дегендерге чакан чарбасында кеп-кеңештерин берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE