Пример HTML-страницы

Токмокто унаасын уруксат берилбеген жерге токтоткон 5 айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында унаасын туура эмес жерлерге токтоткону үчүн 5 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол тескөөчүлөр тарабынан Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5 айдоочунун ар бирине 1000 сомдон айып салынды.

Укук бузуулар кодексинин 188-беренеси (транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу).

Жол белгилеринин талаптарын, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) — жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда 1000 сом айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE