Пример HTML-страницы

Токмокто 21 жаштагы жигит менен 16 жаштагы кыз мейманканага барып, эмне кылышканын айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүйдө зордуктоо фактысы боюнча орун алган карама-каршылыктардан улам милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин жашы жете элек кыздын апасы Айгүл Ормотоева 16 жаштагы кызы эки ирет зордукталганын, андан кийин кызы сексуалдык зомбулукка кабылганын, милиция тарабынан эч кандай чара көрүлбөй жаткандыгын айткан болчу. Ошондой эле, күйөөсү ок атуучу курал менен коркутууга кабылганын билдирген.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 19-июлунда саат 01:28 чамасында Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ю.И. аттуу жаран тарабынан коркутуу болуп жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, 16 жаштагы кыздын атасы арыз менен кайрылып, Ю.И.га чара көрүүнү өтүнүп, буларды билдирген. 17-июль күнү үйүнө келген таанышы — Ю.И. белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, анын үй-бүлөсү тосмо арыз жазып беришин талап кылган. Бул коркутуулар учурунда арыздануучу үйдө жалгыз болгон.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ю.И. ички иштер органдарына жеткирилген. Ал сурак учурунда жабырлануучу тараптын айыптоосун четке кагып, алар менен сүйлөшүү үчүн баргандыгын айткан. Ошол эле маалда Ю.И. бул сүйлөшүүнү аудиого жаздырып, видеого тартып алганын билдирген. Аларды Ю.И. өз сөзүнө далил катары Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына тапшырган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аудио жана видео материалдар милиция кызматкерлери тарабынан изилденип, анда коркутуулар жана ок атуучу куралдын бар экендиги аныкталган эмес. Бул материалдар милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына тиркелген.

«Жабыркаган тараптын бардык билдирүүлөрү боюнча милиция кызматкерлери тарабынан зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө сексуалдык зомбулук фактысы боюнча 1993-жылы туулган Ч.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми, 16 жаштагы кыздын көрсөтмөсү боюнча, Ю.И. алкоголдук ичимдиктерди ичкендигинен пайдаланып, физикалык күч колдонуу менен зордуктап, андан кийин мейманканадан чыгып кеткен. Кийин жабырлануучу досторуна телефон чалып, үйүнө барган.

Ю.И.нын көрсөтмөсүнө ылайык, ал жабырлануучуну кыздын өзүнүн өтүнүчү менен мейманканага алып барган. Аны менен бир саатка жакын убакыт тургандан кийин өз иши менен кетип, кайра кайтып келген эмес. Ошол эле учурда физикалык зомбулук көрсөтүп, жашы жете элек кызды зордуктабаганын айткан.

Мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү боюнча, алар зордук-зомбулукту көргөн эмес жана эч кандай үндөрдү уккан эмес. Администраторунун көрсөтмөсү боюнча, ал аталган кыз менен жигитке бир-эки жолу барып, кыздын ур-токмокко алынганын көргөн эмес. Кызматкерлер кыздын маанайы тескерисинче жакшы экенин билдиришкен.

Тазалоо иштерин жүргүзгөн кызматчы кыздын көрсөтмөлөрүнө ылайык, ал төшөнчүлөрдөн кандын жана чыр-чатак боюнча эч кандай белги тапкан эмес. Баары жайында болгон.

Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө.

———————————————

17-июлда сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган деп шектелген аял киши кармалганын Чүй ОИИББден билдиришкен.

Маалыматка ылайык, 20-майда Чүй РИИБге 1969-жылы туулган О.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал 11-майда 16 жаштагы кызы зордукталганын, ал эми 18-майда бейтааныш аял тарабынан сабалганын билдирген.

16 жаштагы кыздын айтымында, 2001-жылы туулган Ю.И. менен 2020-жылы таанышкан. Чет өлкөдөн кайтып келерде Ю.И.ден аэропорттон тосуп алууну суранган. Ю.И. аны эртең менен саат алтыда тосуп алган жана алар Токмок шаарынан анча алыс эмес жердеги мейманканага барышкан. Андан соң Ю.И. спирт ичимдигин ичүүнү сунуштаган. Кыз мас болуп калганда Ю.И. аны зордуктап, мейманканада жалгыз калтырып кеткен. Кыз кечинде досторун чакырып, мейманканадан кеткен, бирок окуя тууралуу эч кимге айткан эмес.

Ю.И. күнөөсүн мойнуна алган жок жана кызды зордуктабаганын айтты. Текшерүү уланууда.

Андан тышкары милиция кызматкерлери кызды сабаган жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган аялды табышты. Тактап айтканда, 1993-жылы туулган Ч.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE