Пример HTML-страницы

Тоңдун Төрт-Күл айылында кыз-келиндер арасында волейбол оюну уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында «Эрте никеге каршыбыз» деген ураандын алкагында кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке 18 жаштан 35 жашка чейинки жана андан жогору курактагы 6 команда катышып, кызыктуу оюн көрсөтө алышты. Эң жаш оюнчу 18 жаштагы кыз болсо, эң улуусу 62 жаштагы Төлөн Жумаева болду.

Жыйынтыгында 18-35 жаш курактагылар арасында 1-орунга «Билим» командасы татыса, 2-орунду «Алга» командасы багындырды. Ал эми 3-орунду «Бийиктик» командасы камсыздады. 35 жаштан жогорку курактагылар арасында 1-орунга «Ынтымак» командасы, 2-орунга «Айылдык ден соолук» комитетинин командасы, 3-орунга «Жаштык» командасы ээ болду. Олжолуу орунга илинген командалар диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн волейбол оюну «Гендердик маалымат борбору» ассоциациясы тарабынан каржыланып, Төрт-Күл айылдык кеңешинин депутаты Гүлай Абдыкадырова уюштурду.

Мелдешти өткрүүнүн максаты — айымдардын ден соолугун чыңдоо, аларды спорт менен дос болууга үндөө жана кыздардын эрте турмушка чыгуусун алдын алуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE