Пример HTML-страницы

Тоңдо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери калган жок. Оруктун саналуу ардагерлери сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 9-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, майрамык иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байышбек Астанакулов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, согушка катышкандардын жана оорукта эмгектенгендердин үй-бүлөлөрү, мектеп окуучулары, айыл тургундары катышты.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, каза болгондорго багышталып Куран окулуп, асманга ок атылды.

Иш-чараны Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы С.Монолдоров ачып, куттуктоо сөзүн Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Астанакуловго берди. Райондун башчысы салтанаттын катышуучуларын 9-май — Улуу Жеӊиш күнү менен куттуктап, эл-журтубузга тынчтык, аманчылык, бейпил жашоо каалады. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга концерттик программа тартууланды. Андан соң район акими Б.Астанакулов орукта эмгектенген ардактуу ата-апаларыбызды майрамы менен куттуктап, акчалай белегин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE