Пример HTML-страницы

Тоң районунда жер титирөөнүн кесепетинен эки үйдө жаракалар пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда түнкү жер титирөөнүн кесепетинен эки үйдө жаракалар пайда болгон учурлар катталды.

Бүгүн, 23-январь күнү саат 09:30га карата алынган маалымат боюнча, Б.Мамбетов жана Бөкөнбаев айылдарында эки адам үйлөрүнөн жарака кеткенин билдиришкен.

Учурда райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ, 23-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында жер титирөө болуп, бардык аймактардын тургундарына сезилди.

Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдиргендей, 23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайда болгон жер титирөөнүн күчү 9 баллга жакын болгон.

Кыргызстандын аймагында жер титирөөнүн күчү башкача болгон: Бишкек шаарында — 3-4 балл, Каракол шаарында — 5 баллга чейин.

«Адатта мындай жер титирөөлөр учурунда чоң кыйроолор болбойт. Балким эски үйлөрдө жаракалар пайда болгондур. Негизги жер силкинүү Кытайда, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде болгон», — деди ал.

Turmush басылмасынын Ысык-Көл облусу боюнча кабарчылары жаратылыш кырсыктарынан мүмкүн болгон кыйроолор боюнча маалымат топтошту.

2024-жылдын 23-январы саат 08:00гө карата Ак-Суу району боюнча социалдык объекттер, турак үйлөр жана адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, саат 04:00гө карата жабыркагандар жок. Социалдык тармактарда Сырт өрөөнүндөгү Ак-Шыйракта [Жети-Өгүз району] вулкан атылып баштаганы тууралуу маалымат тараган. Чек ара кызматы менен бирге тактоо жүргүзүлүп, маалымат тастыкталган жок.

Саат 09:00гө карата республика боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 23-январь эртең мененкиге караганда социалдык мекемелер, турак үйлөрдө жабыркоо болгон жок. Маалымат дагы такталып жатат.

Ал эми ӨКМдин Тоң райондук бөлүмү билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок. Түндө жер титирөөдөн кийин район боюнча ыкчам штаб түзүлүп, бардык айыл өкмөт башчылар менен тактоо иштери жүргүзүлдү. Саат 03:00дө жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок деген маалымат алынды.

Бүгүн дагы кошумча тактоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө:

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл;

— Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл;

— Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл;

— Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгыш) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жер титирөөнүн убактысы, магнитуда, күчү жана очогу








Убактысымагнитуда интенсивдүүлүгү
очогу
калктуу пункттардагы күчү
00:097,18 баллКумтөрдөн түштүк-чыгышка 80 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 140 км, Кажы-Сайдан түштүк-чыгышка 160 км, Нарын шаарынан чыгышка 210 км, Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка 300 км.Кумтөр – 6 балл, Каракол, Кажы-Сай — 4,5 балл, Нарын шаары — 4 балл, Бишкек — 3 балл
00:425,76 баллКумтөрдөн түштүк-чыгышка 80 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 133 км, Кажы-Сайдан түштүк-чыгышка 155 км, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка 274 км.Кумтөр – болжол менен 4 балл, Каракол, Кажы-Сай, Нарын – болжол менен 3 балл
01:365,76 баллКумтөрдөн түштүк-чыгышка 90 чакырымда, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 148 км, Кажы-Сайдан түштүк-чыгышка 159 км, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка 224 км.Кумтөр – 3,5 балл, Каракол, Кажы-Сай, Нарын – болжол менен 3 балл
02:575,25 баллКумтөрдөн түштүк-чыгышка 80 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 135 км, Кажы-Сайдан түштүк-чыгышка 155 км, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка 274 км.Кумтөр — болжол менен 3 балл
05:195,6болжол менен 6 баллКумтөрдөн түштүк-чыгышка 85 км, Караколдон түштүк-чыгышка 140 км, Кажы-Сайдан түштүк-чыгышка 156 км, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка 226 км.Кумтөр — болжол менен 3 балл
07:185,75,5 баллЖер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашкан.Кумтөр — болжол менен 3 балл

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE