Пример HTML-страницы

Таластык Марина 10 жылдан бери ата-энесин издеп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районундагы карылар жана майыптар үйүндө жашап жаткан 44 жаштагы Марина Шерина 10 жылдан бери ата-энесин издеп келгенин Turmush басылмасына билдирди.

«Менин бул Бакай-Ата районундагы карылар жана майыптар үйүндө жашап жатканыма 38 жыл болду. Атым Марина, 44 жаштамын. 3 жашымда балдар үйүнө таштап кетишкен экен. Документтеримде Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында туулган, улуту орус деп жазылуу. Бирок орус же түрк улутунан экенимди билбейм. Улутум орус экенине бүгүнкү күнгө чейин ишенбейм. Себеби түрктөргө окшошуп кетем. Атамдын аты Сергей, апамдын аты Влентина экен. 10 жылдан ашуун ата-энемди издеп, эч бир кабар ала алган жокмун. Мурун мен жашаган жер балдар үйү болгон. 17 жашыма чейин бул жерде болуп, кийин Кара-Балтадагы балдар үйүнө которушкан. Ал жерде 3 жыл 7 ай жашап келдим. Тилекке каршы, ал жакка көнө албай койдум. Алгач биз менен катар 15тен ашуун бала бар эле. Алардын көбү өтүп кетишти. Азыр жанымдагы курбум Надя экөөбүз эже-сиңдидей болуп калдык. Бул жердин директорун “ата” деп айтам. Ал бизге жакшы шарттарды түзүп берди. Мени окутуп, учурда бул жерде жарым айлыкка чач тарач болуп иштеп жатам. Талаачылык башталганда, фасоль жулукка, отоого чыгып кошумча каражат таап алам. Өзүмдүн бөлмөмдү актап сырдап, шартын түзүп алгам. Кандайдыр бир жардам керек болсо, атама кайрылам. Мен бул жерден эч жакка кетким келбейт. Биздин үйүбүз ушул жер. Баарыбыз бир түтүн болуп, күн кечирип келебиз. Жогоруда айткандай, апамды тапсам деп 10 жыл аракет кылып көрдүм. Балким кайсы бир күнү өзү келип калар деп үмүт кылам. Ар бир адамдын маңдайына ар кандай тагдыр жазылат. Мен бул жашоодо жалгыз эмесин. Чоң үй- бүлөм жана Надя дайым жанымда», — деди Марина Шерина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE