Пример HTML-страницы

Таластагы уурулук кылмышка шектелген адам Бишкектен кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда «Уурулук» рейди уюштурулду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, рейдде Талас ОИИБден жана ШИИБден жалпы 144 кызматкер иш алып барышты. Анын жүрүшүндө уурулук боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлуп, облустун аймагында жайгашкан күрөөкана, уюлдук телефон сатып алган жайлар жана мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар текшерилди. Төө буурчак алган кампалардын ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, уурулуктун алдын алуу максатында видеокамераларды орнотуу милдеттендирилди.

Рейд учурунда мурда болгон 9 кылмыштын бети ачылды. Алардын бири Манас районунда август айында катталган болчу. Манас районунун Покровка айылында жайгашкан «Сезим» дүкөнүнөн белгисиз адам 15 миң сомдук товар жана 8 миң сомду уурдап кеткен. Аталган факт боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон. Кылмышка шектелген Кара-Буура районунун 1992-жылы туулган тургуну К.А. Бишкек шаарынан колго түшүрүлүп, тергөө кызматына тапшырылды. Аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE