Пример HTML-страницы

Таластагы уйду уурдап кетип, Токтогулдагы мал базарда сатып жаткан жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта мал уурулукка шектелген адам Токтогул районунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-апрель күнү Талас шаарынын Д.Д. аттуу тургуну милицияга кайрылган. Ал үйүнүн короосунан 1 уюн белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иш козголгон. Талас ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде уурдалган уй Токтогул районундагы мал базардан табылды. Аны уурдоого шектелген Талас шаарынын 20 жаштагы У.Д. аттуу тургуну уйду 35 миң сомго баалап сатмак болуп жатканда кармалган.

Шектүү Талас шаарына алынып келинип, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE