Пример HTML-страницы

Таластагы Таш-Арык айылынын аталышы эл ашар менен курган арыктан улам аталып калган

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Таш-Арык айылы 1903-жылы негизделген. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын такташтырды.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылдын аталышы элетке курулган арыкка байланыштуу. Себеби Кең-Кол суусу бир эле өйүз менен агып кеткендиктен аны сарамжалдуу жана көп аймакка пайдалануу максатында Осмонаалы аттуу аксакал айыл элин чогултуп, тоо боорунан таш менен чымды аралаштырып кынап арык алып өтүшкөн. Ал арык азыр да бар. Ошол себептен Таш-Арык аталып калган.

Элеттин эли мал багып, төө буурчак, көп жылдык чөп, мырза терек, эгин айдоо жана алма өстүрүү менен алектенишет. Айылда орто мектеп, бала бакча, дарыгердик амбулатория, маданият үйү, китепкана, сүрөт музейи, мечит, спорт аянттары салынып, Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулуп, сейил бак ачылган. Айылдагы адамдардын саны 1700дөн ашат. Таш-Арык айылы Кең-Кол суусунун оң тарабынан орун алган. Айылдын мал чарбасы менен алектенген фермерлери Кең-Кол жайлоосуна чыгып, көпчүлүгү ошол аймакта кыштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE