Пример HTML-страницы

Таластагы үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы эмеректер алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы эмеректер алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.

«Бул имарат 1989-жылы салынган. СССР тарагандан кийин бул жер поликлиника, андан соң облустук үй-бүлөлүк медицина борбору болгон. Бул жерде биз негизи Талас шаарынан тышкары облус ичинен келген бейтаптарды да кабыл алабыз. Бүгүнкү күндө Талас шаарында 30 миңден ашуун адам жашайт. Кичинекей мекеме уюм болгондон кийин бизге бөлүнгөн каражат айлыгыбыздан ашпайт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө ковид пандемиясында бир нерсе сатып алуу үчүн мораторий жарыяланган. Бул эмеректерди өз каражатыбыздан сатып ала албайт элек. Бул эскирген эмеректердин айрымдары 1989-жылдан бери колдонулуп келген. Биз 40 кабинетте бейтаптарды кабыл алсак, анын 38 бөлмөсүнө эмеректер коюлду. Анын ичинен 7 бөлмөбүз проекттер менен камсыздалган. Бирок ошол эле учурда эмеректерди жаңыртуу колубуздан келбейт эле. Демөөрчүлөр ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE