Пример HTML-страницы

Таласта эт канча сомдон сатылып жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushМалдын баары жайлоого чыккан учурда да Талас шаарында эттин баасы кымбаттаган жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга эт сатуучулар билдирди.

«Уй этинин 1 кг 450 сом, сулп эттин 1 кг 580 сом, фарштын 1 кг 470 сом болуп жатат. Жылкынын эти 460-480 сом болуп жатат. Көбүнчө той берип, кыз узатууга жылкынын жарты этин сатып алышат. Учасы жана жарым этин болжол менен 50-60 миң сомго чейин алышат. Чучуктун 1 кг 800 сом. Ич май 1 кг 150 сом.

Азыр эттин баасы бир калыпта эле кармалып жатат. Биз сойгон мал атайын семиртилип багылгандыктан, тоого кеткен малдын баасы роль ойнобойт», — деди алар.

Ал эми Талас шаарынын 48 жаштагы тургуну Наталья Гаврилова тоокторду буйрутма менен союп сатат. Анын айтымында, тоок эти быйыл кымбат.

«Биз жем алып баккан соң, жемдин баасы дагы тооктун баасына таасир тийгизет. Быйыл мисалы 2,5 кг тоокту 600 сомдон сатсак, андан салмактуулар 900 сомго чейин бааланат. Алдын ала буйрутма менен союп, тааныштарыбызга өткөрөбүз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE