Пример HTML-страницы

Түркияга барган кыргызстандык куткаруучу урандыдагы сейфтен 1 килограммдай алтын тапкан (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркиянын түштүк-чыгышында катуу жер титирөөдөгү кыйроодон кийин дүйнөнүн булуң-бурчунан куткаруучулар, ыктыярчылар Түркияга жардамга барды. Кыргызстан да зилзаланын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүгө өз куткаруучуларын жөнөткөн.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын бири Мирбек Жаназаков жер титирөөнүн очогу болгон жерде эки объектте өз командасы менен иш алып барды. Урандылардын астынан көптөгөн алтын зер буюмдар, акчалар табылып, бирок ээлеринин жансыз денеси чыкканы аны өкүндүргөн. Каарманыбыз Түркиядагы зилзиладагы кыйроолордон кийин куткаруу учурундагы окуялар тууралуу кыскача баяндап берди.

«Биздин министрлик тарабынан урандылар астынан чыккан баалуу буюмдарга, алтындарга, акчаларга тийбөө боюнча тапшырма коюлган. Биз казып жаткан учурда алтындар, баалуу буюмдар чыгып жатты. Аны алып, ошол жердеги орган кызматкерлерине тапшырып бердик. Болгонун болгондой тапшырдык. Мисалы, сейф табылса, тиешелүү кызматкерлерге берип, өзүбүз да сүрөткө, видеого тартып алганбыз. Баарын өткөрүп берип жаттык. Алар өздөрү эмне кылат, мамлекетке тапшырабы билбейбиз», — деди ал.

Мирбек Жаназаков кулап калган көп кабаттуу үйдүн уктоочу бөлмөсүндөгү дивандын астындагы сандыкчадан алтын, акчаларды таап, алып чыккан. Бирок ал буюмдардын ээлеринин жансыз денеси табылды.

«Биз топ-топторго бөлүнүп иштеп жаттык. Өзүмдүн башымдан өткөнү, бир сейфтин ичинен 1 килограммдай алтын, акчалар чыкты. Ошолордун баарын өткөрүп бердик. Алардын акчасы боюнча 45 миң лира чыкты. Чын чынына келгенде, башкысы ал чогулткан баалуулуктар бизге кереги жок экенин түшүндүм. Акча, алтын баалуулук адамдын өмүрүн сактап кала албайт экен. Баары каза болушту, ээлеринин сөөгүн алып чыгып, тууган-уруктарына өткөрүп бердик», — деди ал.

Мирбек Жаназаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзгөчө куткаруу отрядында 8 жылдан бери иштейт. Учурда улук куткаруучу. Ал Түркиядагы жер титирөөдөн кийин бир түндө кыйылган өмүрлөрдү көрүп, өзүнө көп жыйынтык чыгарганын айтат.

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштерине барган кыргызстандык куткаруучулар урандыдан 8 адамды тирүү алып чыгышты.

—————————————————

  • 6-февралда таңга маал болгон жер титирөөнүн очогу Түркиянын Газиантеп аймагы болуп, күчү 7,4 баллга жеткен. Күндүз дагы жер титирөө Түркиянын борбордук бөлүгүндө кайталанып, анын күчү 7,7 балл болгон. 7-февралда эртең менен Түркиянын борбор бөлүгүндө очогундагы күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

  • 8-февралда Түркиянын борбордук бөлүгүндө очогундагы күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:52де (Бишкектин убактысы боюнча 8:52) Кахраманмараш аймагынан түндүк-батышка 58 км чакырымда болгон.

  • Түркиянын бийлиги тараткан жаңы маалымат боюнча, 6-февралдагы (7,8 балл) жер титирөөнүн курмандыктары 43 556 адамга жетти.

  • Түркияда 20-февралда саат 20:04тө 6,4 баллдык жер титирөө болгон. Андан кийин саат 20:07де кайрадан жер силкинип, анын күчү 5,8 баллга жетти. Жаңы жер титирөөнүн очогу Түркиядагы Дефне жана Самандаг райондорунда жайгашкан. Жер титирөө Ливан, Сирия (6 адам жаракат алды), Кипр жана Израилде сезилди. Кайталанган жер титирөөдөн кийин Түркияда 6 адам көз жумганы белгилүү болду.

  • Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматы боюнча, дагы бир жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 22-февралда саат 10:09да катталган. Анын очогу Диярбакыр шаарынан түндүккө 61 чакырымда, 5 км тереңдикте жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE