Пример HTML-страницы

Түптө «Теңдик үчүн убакыт келди» аталышындагы акция болуп өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан Кайкин атындагы №7 орто мектебинде СПИД илдетин алдын алуу максатында «Теңдик үчүн убакыт келди» аталышындагы акция болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, район боюнча 9 мектептен тандалып алынган окуучулар саламдашуу, эмблема, плакаттарды жактоо, суроо-жооп викторинасы, чакан сценкалар жана флешмоб боюнча сынактарга катышышты.

Жыйынтыгында 1-орунду 93 упай топтогон Т.Шевченко атындагы Михайловка мектеби, 2-орунду 92 упай менен Ж.Мукамбаев атындагы Күрмөнтү мектеби, 3-орунду 91 упай менен К.Үсөнбеков атындагы Кудургу мектеби, 4-орунду 89 упай алган Ж.Ашымов атындагы Арал мектебинин окуучулары ээлешти.

Акциянын катышуучулары «Зомбулуксуз 16 күн» менен «Теңдик үчүн убакыт келди» деген жазуудагы плакаттарды көтөрүп, жөө жүрүшкө да чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE