Пример HTML-страницы

Түп айыл аймагы боюнча 22 чабан Сары-Жаз жайлоосуна көчүү алдында турат

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп айыл аймагы боюнча 22 чабан июнь айына чейин Сары-Жаз жайлоосуна көчүрүлөт. Бүгүнкү күндө субай мал алып чыгуучулар көпүрө жана жол маселеси көйгөй жаратып келгендигин аймактык кабарчыга билдиришти.

«Жайыт жерлер деградацияга учурап жатканына байланыштуу Сары-Жаз өрөөнүнө көчүү сунушун түшүнүү менен кабыл алдык. Бүгүнкү күндө бир малчы бери дегенде 500 мал, аркасы 1 миң мал багууну көздөп жатабыз. Ар бир чабанга 2 гектардан жайыт берилет экен. Бизде бир көйгөй жайлоого кетчү жолдордү түздөп, көпүрөнү калыбына келтирип берүүнү суранабыз»,-дешти чабандар.

Бул боюнча Түп айыл өкмөтү көпүрө жана жол меселеси чечиле тургандыгын билдирди.

«Түп айыл өкмөтүндө болгону 4 миң гектар жайыт жер бар. Жыл санап малдын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Каркыра жайлоосундагы жакынкы жайыттарга чөп чыкпай, деградацияга учуроодо. Ушундан улам чөп жок. Жергиликтүү чабандар мөөнөтүнөн мурда эрте түшүп, эгиндер тебеленип келген. Жакынкы жайыттарды эс алдыруу максатында быйыл 22 чабанды Сары-Жазга көчүрүү алдында турабыз. Малчылар көтөргөн жол жана көпүрө маселеси чечилет», — деди Ж.Сатыбалдиев.

Түп айыл аймагындагы малчылар Муздак-Булак, Бөкөн-Булак, Башарын жана Чымынды-Сайга мал жайышчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE