Пример HTML-страницы

Сүрөт: Ошто милиция кызматкерлерине сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен Ош облустук ички иштер башкармалыгы 2023-жылда өздүк курамдын аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы ыкчам кеңешмеге ШИИБдин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары Абилбек Алимкулов, Азизбек Бекназаров, Акылбек Бекишов, Таалайбек Нурбаев жана башкармалыктын бөлүм жана кызмат башчылары катышты.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда артыкчылык көрсөткөн кызмат жана бөлүмдөрдүн кызматкерлери башкармалыктын атайын сыйлыктары менен сыйланды. Бул кызматкерлер Ички иштер министрлигинин атайын буйругу менен белгиленген талаптарга ээ болгондугу үчүн бөлүм менен кызматтардан тандалып алынып, «Кесиби боюнча мыкты» номинацияларга ээ болушту.

Ош ШИИБдин башчысы Марли Асанов башкармалыктын кызматкерлери өткөн жылы миңдеген кылмыштардын бетин ачканын, алардын ичинде 20 адамдан ашуун адамдан турган террордук топ да бар экенин белгиледи.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө өткөн жылда аткарылган иштер, кемчиликтер белгиленип, 2024-жылы кошумча дагы аткарылуучу тапшырмалар коюлду.

Ош облустук ички иштер башкармалыгында да 2023-жылдын 12 айында аткарылган ыкчам кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды.

Ыкчам кеңешмеге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, анын орун басарлары жана бөлүм, кызмат башчылары, ардагерлери кеңешинин төрагасы, ошондой эле райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө 2023-жыл ичинде өз кызматтык милдеттерин аткарууда жогорку көрсөткүчкө жетишкен бир катар кызматкерлерге «Кесиби боюнча мыкты» наамдары ыйгарылды. Ошондой эле облус аймагындагы ички иштер органдарынын мыкты ардагерлер кеңеши болуп Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңеши табылды.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасалды. Жыл ичинде аткарылган ишмердүүлүктүн жетишкендиктери жана орун алган кемчилдиктер туурасында талкуу болду. Ошондой эле президенттин жарылыктары, Министрлер кабинетинин токтомдорунун жана Ички иштер министрлигинин буйруктарынын талаптарынын аткаруу сапатына көңүл бурулду.

Мындан тышкары облус аймагында кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо, үй-бүлөлүк зомбулуктарды алдын алуу, санариптештирүүнү өнүктүрүү максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аймактарга видео байкоолорду орнотуу, кызматкерлерди камера, планшенттер менен камсыздоо, иштөө шарттарын жакшыртуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, коррупцияга жол бербөө, өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында жер-жерлерде ардагерлер кеңештери менен биргеликте иш алып баруу, сервистик тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө багытында тапшырмалар коюлду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE