Пример HTML-страницы

Панфилов районунда 1 күндө 30дан ашык айдоочуга протокол түзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖол кыймылынын коопсуздугун сактабагандыгы, эрежелерди одоно түрдө бузгандыгы үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда 1 күндө 30дан ашуун айдоочуга протокол түзүлүп, айып пул салынды. Бул тууралуу райондук ЖКККБдан билдиришти.

Кечээ, 29-октябрда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейд өттү. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унааларда ашык адамдарды салган жана жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, 1 күндө 30 дан ашуун айдоочуга административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Ошондой эле кыш мезгили жакындап, суук түшө баштагандыктан айдоочуларга кышкы дөңгөлөккө өтүү да талабы коюлду. Ал эми жол эрежерлерин сактоо боюнча билим берүү мекемелеринде лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда рейд уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE