Пример HTML-страницы

Ошто көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирүүгө аракет кылган жаш келин куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында милициянын кайгуул кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июль күнү саат 15:00 чамасында «102» номуруна кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасынын тургуну (аял киши) өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге үч кайгуул кызматкери барып, аялды куткарып калышкан.

«Окуя болгон жерге милициянын капитаны Р.Жаанбаев, милициянын страшинасы Н.Сейитбеков жана милициянын кенже сержанты Абдиманап уулу Б. барышкан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери үйдүн төмөн жагынан аялды алаксытып, кепке тартып турса, бир кызматкер бешинчи кабаттагы батирге кирип, аялды куткарып калууга үлгүргөн. Ал 31 жаштагы аял болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери аны жакындарына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE