Пример HTML-страницы

Ошто хиджама жасалган жерлердеги абал тууралуу айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-июнда Ош шаардык мэриясынын алдындагы саламаттыкты сактоо координациялык кеңешинин жыл башында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу боюнча бекитилген планынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Буга чейин Ош шаардык жана Ош облустук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борбору, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору, Ош шаардык мэриясы тарабынан комиссия түзүлүп, Ош шаарындагы жеке менчик косметологиялык, стоматологиялык борборлор, хиджама жасоочу жайлар текшерилген.

Жыйынга шаардын вице-мэри Нурбек Кадырбеков баштаган тишелүү жетекчилер жана кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө хиджама жасаган жайлардын лизенциясы, учурдагы абалы тууралуу айтылды. Ош шаардык жана Ош облустук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, Ош шаарындагы хиджама жасаган жайлар алган лицензия жараксыз. Медициналык мекемелер бир гана Саламаттыкты сактоо министрлигинен лицензия алышы керек. Ал эми бир канча жылдан бери элдик медицина деп колдонулуп келген хиджамага официалдуу лицензия берилбей келет.

Вице-мэр Нурбек Кадырбеков шаардагы хиджама жасаган жайлардын жетекчисинен санитардык талаптар боюнча сураганда, бир вакуум бир канча жолу пайдаланылып жана адамдан чыккан кан жанында жайгашкан таштанды урнасына эле салынары аныкталды. Ошондой эле алар жайгашкан имаратта таза шаймандар менен колдонулган шаймандар бир жерге коюлуп, оору жугуу коркунучу жогору экени белгиленди. Мындай жайлардын иши кемчиликтер жоюлганга чейин токтотулары айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE