Пример HTML-страницы

Ошто эки балалуу жалгыз бой эне батир үчүн берген 10 миң долларын өндүрүп берүүнү суранды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто Ош шаарынын тургуну Элиза Мурсалиева маалымат жыйын өткөрдү. Ал Эдил Зулпукааров аттуу жарандан акчасын өндүрүп берүү суранычы менен кайрылуу жасады.

Элиза Мурсалиева Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примовго («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана анын атасы — ишкер Бердибай Примовго кайрылды. Себеби Эдил Зулпукааров алардын күйөө баласы.

Анын айтымында, мындан 1 жыл мурун аталган жарандан үй сатып алып, алгачкы төлөм катары 10 миң доллар акча берген. Бирок бир айдан кийин келише албай калышып, үйдөн чыгууга мажбур болгон. Эми 10 миң доллар акчасын ала албай жатат.

«2021-жылдын 4-октябрында Эдил Зулпукааровдон оозеки келишим менен эле Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү үйүн 80 миң долларга сатып алгам. Алгачкы төлөм катары 10 миң доллар берип, калган сумманы төгүүгө эки ай убакыт берүүсүн сурангам. Эки тарап өз алдынча оозеки эле келишип, ал үйгө көчүп кирип, бир ай жашадым. Бир айга жетпей эле «калган акчаны бер» деп доолай башташты.

13-декабрь күнү Эдил Зулпукааровдун апасы келип, «токтоп туруңуз, келишим мөөнөтү келе элек» дегениме карабастан, 2 балам менен чырылдатып, түн ортосунда үйдөн чыгарып койду. Бир ай убакыт сурандым, «белгиленген мөөнөттөгү акчаны таап берем» дедим. Бирок «сен акчаны сураганда берген жоксуң» деп туруп алышканынан башка үйгө көчүп чыктым. 4 айда 10 миң долларды сурабай, чалбай, жазган да жокмун. 14-апрель күнү Эдил Зулпукааровдун апасына жазып, акчамды берүүсүн өтүндүм. Апасы «акчаңды бербейбиз, колуңдан келгенин кыл, кимге барсаң ошого бар» дегенинен Эдил Зулпукааровго күндө жалдырап билдирүү жаздым. Бирок эч кандай реакция кылбай койду», — деди Э.Мурсалиева.

Андан кийин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган. Кайрылууну көп адам көргөндө Эдил Зулпукааровдун апасы келип, «эмнеге кудагыйларды аралаштырып жатасың?» деп ызы-чуу кылган.

Элиза Мурсалиева кошумчалагандай, бул окуядан кийин аталган батирге чогулушкан. Ал жерден «кечирим сурап, тил кат жазып берсең, акчаңды беребиз» дешкен. Алардын айтканын аткарган. Андан кийин «социалдык баракчаңда кечирим сурап, видео кайрылуу жаса» деген талап болуп, аны да аткарган. Баарын жасаган соң телефонун өчүрүп, кара тизмеге киргизип коюшкан.

«Эки балалуу жалгыз бой аял үчүн 10 миң доллар чоң сумма. Ошондуктан акчамды өндүрүп берүүнү суранам», — деди Элиза Мурсалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE