Пример HTML-страницы

Ошто аскердик кызмат өтөгөндөргө запастагы лейтенант наамы тапшырылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларды кайра даярдоо борборунда «Күз-2021» чакырылыштагы жогорку билими бар жоокерлерге запастагы лейтенант биринчи офицердик наамын ыйгаруу боюнча салтанаттуу азем өттү.

Иш-чарага Чек ара кызматынын Ош облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери, аскерлердин жакындары жана туугандары, ошондой эле Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайра даярдоо борборунун жетекчилиги катышты.

Аталган борбордун башчысы, полковник Таалайбек Кожошев бүгүнкү салтанаттуу аземдин күнөөкөрлөрүн куттуктады.

Иш-чарада өткөн жылы аскердик кызматын өтөгөндөргө запастагы лейтенант наамдары тапшырылды. Ал эми лейтенант наамына ээ болгон 70ке жакын аскер кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын «Жогорку билимдүү мөөнөттү аскер кызматкерлери арасынан запастагы офицерлерди даярдоо боюнча жыйын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү» буйругунун негизинде бир айлык даярдыктан өтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE