Пример HTML-страницы

Ошто 27-сентябрга чейин созулган рейд башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында 1-сентябрдан 27-сентябрга чейин «Салам мектеп» аталышындагы рейд башталды. Бул тууралуу Ош облусттук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош—Бишкек, Ош—Сарыташ—Эркечтам, Ош—Разаков жолуна жакын жайгашкан 48 мектеп бар. Учурда ушул аймактарда 135 кызматкер иш алып барып жатат. 2022-жылдын 8 айында Ош облусу боюнча окуучулар катышкан 131 жол кырсык катталган. 16 бала каза болуп, 142 бала ар кандай жаракат алышкан.

«Салам мектеп» рейдинин максаты — башталгыч класстын окуучуларына жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE