Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы балдар жана карылар үйүнүн тургундары социалдык кызматкерин турмушка узатышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Боорукердик» балдар жана карылар үйүндө 4 жылдан бери социалдык кызматкер болуп эмгектенип келген Нураида Осмонали кызы 28-апрелде турмуш жолуна сапар алды.

Аталган жайдын директору Айгүл Калматованын айтымында, Нураиданы карылар үйүнүн тургундары ак баталарын берип узатышкан. Ошондой эле, үйлөнүү үлпөт тоюна 4 бала атайын социалдык адистин коштоосунда барып келишкен.

«Балдар менен карыялардын кубанычында чек жок. Жаш жубайлар бизге келип, фуршет уюштуруп беришти. Балдар болсо имаратыбызды кооздоп, чыдамсыздык менен күтүп, жакшы маанайда тосуп алышты. Карыларыбыз өзүбүздүн кызга ак батасын берип узатышты. 4 баланы атайын социалдык адистин коштоосунда тойго кошуп бердик. Бул күн баарыбыз үчүн кубанычтуу күн болду», — деди Калматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE