Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы 50 автобустун 35и каттамга чыгып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында айдоочулар жоктугунунан улам 16 автобус каттамга чыкпай жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын башчысы Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, учурда каттамдарда көйгөй жок. Тиешелүү автобустар каттамдарга убак-убагы менен чыгып жатат.

«Бир күндө 50 автобустан 32-35 автобус 4 линия боюнча каттамга чыгат. 50 автобустун баары каттамга чыкпайт. Ушинтип түшүнүш керек. 8 айдоочу дем алыш күндөрү адам аз болгону үчүн эмгек өргүүсүнө чыккан эле. «Дагы 8 автобус иштебей калган» деп маалымат чыгарып жатышат. Азыр баары эле иштеп жатат.

Айдоочуларга план коюлган. Күнүнө 4 каттамга чыкса, күйүүчү майдын пулун, 4 каттамга 200 сомдон 800 сом акча планын тапшырат. 3 каттамга чыкса 600 сом, андан сырткары күйүүчү майдын акчасын тапшырышат. Айдоочулардын маяналары 22-23 миң сомдун тегерегинде.

Мындан сырткары күнүнө салык жана соцтөлөмдөрдү кошпогондо 700 сомдон акча берилет. Бирок ошондо деле айдоочуларга берген күнүмдүк маянасы чыкпай калып жатат да. Ошто коомдук автобустардын жол кире акысы көтөрүлгөн эмес. Азыр дизелдик отундун да баасы кымбаттап кетти», — деди Турдуев.

— — — — — — — — — — —

2022-жылдын 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатылып алынган 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өткөн.

Автобустар 37 миң долларга бааланган. Ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Жаңы автобустар үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыккан: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Ош шаардык мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз фондунан 7 жылдык мөөнөткө 4 пайыз үстөгү менен 1 млн 850 миң доллар насыя алуу боюнча келишимге кол коюлган. Насыянын 30 пайызын же болбосо 50 млн сомду алдын ала төлөө үчүн акча республикалык бюджеттен алынмак болгон.

Автобустар «СамАвто» автозаводунан алынган. Завод автотранспорт — автобус жана жүк ташыган унааларды чыгарат. Завод Өзбекстандын Самарканд шаарында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE