Пример HTML-страницы

Ош шаарында жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык борборлоштурулган китепканасынын окуу залында президент Садыр Жапаровдун, БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекованын онлайн форматта катышуусунда БШКнын алдындагы жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул долбоор Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Министрлер кабинетинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана башка ведомстволордун колдоосу менен ишке ашырылууда.

БШКнын эарандык жана санариптик билим берүү борбору калктын укуктук маданиятынын деңгээлин, жарандардын түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу шайлоо системасына ишенимин жана шайлоого катышуусун жогорулатуу максатында түзүлдү.

Ачылыш аземге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жаштар, китепкана кызматкерлери, УШКнын мүчөлөрү жана башка жарандар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE